Баткенде үйүнөн чыгып кеткен 15 жаштагы өспүрүм бала аныкталып, ата-энесине өткөрүп берилди. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, өспүрүм бүгүн, 22-январда эртең менен табылды.
Милиция кызматкерлери "Селсаяк" иш-чарасын өткөрүүдө Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылында көчөдө жүргөн өспүрүмдү байкашкан.
"Текшерүү иштеринин жыйынтыгында өспүрүм Баткен районунун Чек айылындагы орто мектептин окуучусу 15 жаштагы Ж.К. экендиги аныкталды. Ата-энесин чакырып сүйлөшкөндө окуучу ата-энесине айтпай 21-январь күнү үйүнөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Баланын дайынсыз болуп жатканы туурасында ата-энеси милицияга кабарлаган эмес.
Өспүрүм апасына тапшырылып, текшерүү иштери жүрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.
Ал эми окуучунун апасы баласын түнү менен издегенин айтат. "Балам кечке маал мал айдап келгенден кийин үйдөн чыгып кеткен. Ошол бойдон таппай калдым. Түнү менен издегем", - дейт эне.