Талас облусунда COVID-19 илдетин аныктоочу вирусологиялык борбор ачылды. Ачылышка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, мындай борборлор республиканын бардык аймактарында ачылышы шарт экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, лаборатория заманбап алдынкы жабдыктар менен жабдылып, күнүнө 800гө чейин анализдерди текшерүүгө даяр.
"Талас шаарынын тургундары жана лаборатория кызматкерлери вирусологиялык лаборатория ишке берилгенден кийин жарандардан COVID-19ду аныктоо бир топ жеңилдей турганын, анткени буга чейин анализдер Бишкек шаарына жөнөтүлгөнүн баса белгилешти. Мындан улам коронавирус инфекциясын аныктоо ылдамдыгы төмөн болгон.
Ошондой эле алдыда борбордо дагы башка лабораториялык изилдөөлөрдү чогултуу, аныктоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү белгиленди", - деп айтылат маалыматта.