Бир суткада коронавирустан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгондор коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн эмес. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2854 кишини түздү.