Кечээ, 29-мартта өлкөдө коронавируска каршы эмдөө старт алган. Бир күн аралыгында республика боюнча 100 киши эмдөөдөн өттү. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, вакцинациялоо улантылып, каалоочулар кезекке турушууда.
Буга чейин эмдөөнү алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алып, вакцинациялоо Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунда башталды.
Эмдөөнүн этаптарын шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.
Белгилей кетсек, өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген.