Орусияда үй-бүлөсүнүн көзүнчө сууга секирген аялдын окуясы: Инструктор аялдын кетирген катасын айтты

Орусиялык куткаруучу, биринчи жардам көрсөтүү боюнча инструктор Любовь Кулакова жарандарды жабдылбаган жерлерде сууга түшүүдөн баш тартууга чакырды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Инструктордун айтымында, каргашалуу окуя аялдын чуңкурга секирип чумкуганынан улам аны заматта суунун агымы агызып кеткен. Бул учурда куткаруучулар дагы эч нерсе кыла алышмак эмес.

"Ал жерде атайын тепкич бар. Ошону кармап сууга кирип, чумкуп анан чыгышы керек болчу. Ал жерден эч ким сууга секирип түшпөйт. Бул аял сууга секирип түшкөндүктөн аны суунун агымы агызып кеткен. Тепкич менен сууга акырын түшкөндө, мүмкүн, куткаруучулар куткарып калмак", - деген Кулакова.

Буга чейин Орусиянын Ленинград облусундагы Оредеж дарыясында каргашалуу окуя катталганы кабарланган. Анда 40 жаштагы аял үй-бүлөсүнүн, анын ичинде жаш балдарынын көзүнчө сууга секирип, андан кийин чөгүп кеткендиги айтылган.

Учурда куткаруучулар аялдын сөөгүн издеп жатышат. Бул боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан