Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Окуянын сүрөттөрү буга чейин интернет айдыңына тарап, ар кандай талкуулар болуп жаткан.
Көп узабай эле бул окуя боюнча Кудрет Тайчабаров билдирүү жасап, жол кырсыгына экинчи айдоочу себепкер экендигин, эч ким жабыркабагандыгын билдирди.
“Жол кырсыгы кечээ, 25-январда түш ченде болгон. Жалпы электр жарыгы өчүп, светофорлор иштебей турган. Мен негизги жолдо бараткам, мен өтүп жаткан учурда берки жолдогу унаалар токтогон, арасынан бир унаа катуу келип, менин унаамды сүзүп кетти. Ылдый карай бара жаткан унаа айланып өйдө карап калды. Сүзгөн унаа катуу ылдамдыкта келди. Ал маселе кечээ чечилип күнөөлүүлөр чыгымдарын төлөмөк болду. Ал жерде менин күнөөм жок, мен кутуруп кетип, башкаларды сүздү деген маалыматтар калп”, - дейт Тайчабаров.