Биз социалдык тармакта

"Ичинде жүргүнчүлөр бар болчу". Бишкекте эки кичи автобус жол кырсыгына кабылды

Бишкекте эки кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын басма сөз катчысы SUPER.KG порталына маалымдады.

"Бүгүн, 26-январда болжол менен саат 12:30да Бишкек шаарынын Элебесов менен Арал көчөлөрүнүн кесилишинен №130 менен №193 кичи автобустар сүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, №193 кичи автобустун айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кеткен эки унаадан качам деп дагы бир унаа кырсыкка кабылган.

Азыркы тапта жабырлануучулардын бар экени айтылууда. Жеринде кайгуул кызматынын кызматкерлери иш алып жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Monsterbek
2022-01-26 15:40:48
Маршрут айдаган айдоочулар оздорун форсаж кинодогу актердей элестетишет! Биздин жолдор андай жарышып айдаганга такыр ынгайлаштырылган эмес! Маршрут айдагандар кардар талашып мушташып, жатып калышат!
+1
Dembele84
2022-01-26 15:48:48
Ошончо эл менен да каршы тилкеге чыгабы манкурт.
+1
Kuban-1207
2022-01-26 16:07:40
193 маршрутка айдагандар бүт баары орой мамиле кылышат жүргүнчүлөрдү кагып силкип урушушат.Көпкөлоң далакташып ушулар эле маршрутка айдап аткансып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан