Кара-Сууда мектеп окуучусу мугалими бутун сындырганы боюнча арызданды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А.Султанов атындагы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 28-январь күнү Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Ленин көчөсүнүн тургуну 47 жаштагы Э.З. арыз менен кайрылган. Анда 26-январь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында, баласы 15 жаштагы Т. Аны Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү №83 А.Новои атындагы орто мектебинде дене тарбия сабагында ошол эле мектептин директору И.У. эч бир себепсиз Т.А.ны буттары менен тээп, дене бөлүктөрүнө уруп жаракат келтиргендигин билдирген.
Натыйжада жашы жете элек Т.А. сол бутунун тизеси сынып Кашгар-Кыштак айылдык ооруканасына кайрылган.
Аталган маалымат 28-январда Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Маалыматтын негизинде, Кара-Суу РИИБнин ыкчам тергөө тобу жашы жете элек 2007-жылы туулган Т.Анын дарыланып жаткан үйүнө барып, сурак кылган учурда төмөндөгүлөрдү билдирген. 26-январь күнү саат 12:30 чамасында өзү окуп жаткан Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү №83 А.Новои атындагы орто мектебинде дене тарбия сабагы учурунда буттары ооруп машыкканга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирген учурда ошол эле мектептин директору У.И эч бир себепсиз буттары менен дене бөлүктөрүнө тээп жана колдору менен уруп денесине жаракат келтиргендигин билдирген.
Ошондой эле окуя боюнча күбөлөр да жабырлануучу айткандай көрсөтмө берип, жабырлануучу Т.А классташынын жардамы менен үйүнө жеткендигин билдиришкен.
Азыркы учурда жабырлануучуга карата дене жаракатын аныктоо максатында соттук медициналык эспертиза дайындалды. Бул окуя боюнча алдын ала текшерүүнү Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.