Бишкекте күйөөсү аялын жаткыра тепкен видео тарады. Аялы арыз жазуудан баш тартты (видео)

Социалдык тармактарда Бишкек шаарында күйөөсү аялын "уктата тепкен" видео тарады. Видео 30-январь күнү Бишкектеги Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.

Видеодо көрүнгөндөй, бир адам жанындагылар менен жулкулдашып, андан кийин жерден туруп келе жаткан аялды башка тепкен. Аял ошол жерден эс-учун жоготкон.

Бул боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө байланыштык. Милициянын билдиришинче, 30-январь күнү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына Ахунбаев-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде күйөөсү аялын сабап жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн.

"Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин ыкчам тергөө тобу дароо чакыруу болгон жерге барып, ошол эле күнү саат 17:30 чамасында жубайлар досторунун үйүндө конокто болушкан. Ошол учурда жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак болуп, аялы көчөгө чыгып кеткенден кийин, күйөөсү анын артынан ээрчип келип, ага карата физикалык күч колдоно баштаган. Бул факты реестрге катталды", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.

Токмоктолгон аял милицияга арыз берүүдөн баш тартып, эч кандай дооматы жок экенин билдирген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте күйөөсү аялын сабады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Akjol18
2022-01-31 10:30:49
Арыз жазгандан баш тартса,тепкиден кийин башына доо кетпептир,бул жагы жакшы.
Акылдуу аял экен,эр болмуш эртерээк эсиңи жайбасаң кийин азабын тартасыңго.Ар бир кылган ишибиздин кайтар дүйнөсү бар.
+6
Zynk
2022-01-31 10:44:32
Мындайларды 3 тамга деп коет !
+9
ayzhan12
2022-01-31 11:23:06
Чынында азыр бул кыздар үчүн трагедия. Келиндер үй бүлөдө малай сыяктуу күн кечиришет. Кайын журттары эртеден кечке малай сыяктуу кылып оокатка салышат келиндерди, күйөсү болсо уур токмоко алат. Мындай көрүнүштөн арылалык.
+5
KaGaH
2022-01-31 11:45:13
ayzhan12,сени ушинтип сабаш керек
+6
Datka7777
2022-01-31 11:36:55
Арыз жазбады деп жон койбош керек
+10
bond02
2022-01-31 11:52:11
Ана сага чыныгы суйуу.
+4
Baha.Kyrgyzstan
2022-01-31 12:46:40
Тепекен моментте бутуң тизеңен ылдый үзүлүп кетсе кана акмак
+9
JaneEr
2022-01-31 14:34:13
Ушунчалык бул аял озун сыйлабайбы ээ?
+6
Tyttty1990
2022-01-31 18:09:20
Жумурткасын кесип, ордуна өрүк тигип салыш керек бул айбанды
+4
Nursul
2022-02-01 18:42:38
Арыз жазганда эмне аны алып барып камап коймок беле, арыз жазсам кайра келип дагы урат дегенго бечара. Кудайым ынсап берсин баарыбызга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан