Арашанда 11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп 35 жаштагы агасы шектелүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп 35 жаштагы агасы шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милицияга 19-январда өспүрүм кызга карата сексуалдык аракеттерди жасоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Териштирүү иштеринин алкагында, кыз 11 жаштагы Т.Д. экени, чоң энеси жана чоң атасы менен жашаары аныкталган.

Ал милиция кызматкерлерине эки жыл мурун агасы эгин талаада ага карата сексуалдык аракеттерди жасагандыгын айткан.

Агасынын аты-жөнү такталып, ал А.А. аттуу 35 жаштагы адам экени такталган. Сурак учурунда ал андай окуя болбогондугун билдирген.

Ошондой эле аталган үйдө жашаган башка адамдар суракка алынып, алар дагы андай окуя болбогондугун айтышкан. Учурда кызга карата керектүү болгон бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2022-01-31 13:44:06
Ууру тойгончо жеп, олгончо актанат дейт. Оспурум кыз жалган айтат беле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан