Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынына келип, анда журналисттердин "Мандатыңызды качан тапшырасыз?" деген суроосун жоопсуз калтырды.
"Бул боюнча расмий позициямды кийинчерээк билдирем", - деди Ташиев.
23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берип жатып, иниси Шаирбек Ташиевден депутаттык мандатын тапшыруусун суранганын айткан.
26-январда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча кайрылуу жасагандыгын билдирген.