Сокулукта 2 жашар баланы токмоктоого шектүү адам камакка алынды

Чүй облусунун Сокулук районунда 2 жашар баланы токмоктоого шектүү адам камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оор абалда ооруканага түшкөн 2 жашар баланы ур-токмокко алууга шектүү катары Сокулук районунун 1987-жылы туулган С.А. аттуу тургуну 5-февралда камакка алынды. Сот анын баш коргоо чарасын карап, тергөө учурунда аны абакта кармоо чечимин кабыл алып, 2 ай камакка алуу өкүмүн чыгарган. Шектүү Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча баланын апасы күйөөсүнүн иш-берүүчүсү менен жашап жүргөн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina00
2022-02-07 09:40:00
Шумшук.Аялын да камасын ойнош болуп алыптырда ошого башкача корсотмо бериптир.
+5
zam81
2022-02-07 10:11:16
Аясында сурап камаш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан