"Пекин-2022": "Болгону 15 жашта". Орусиянын кайсы спортчусу допингге шектелип жатканы айтылды

Пекин Олимпиадасында Орусиянын курамасынан 15 жаштагы көркөм муз үстүндө бийлөөчү Камила Валиеванын канынан мыйзамсыз дары аныкталды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Валиева машыгууга катышкан эмес. Ошол эле учурда Орусия курама командасынын өкүлдөрүнүн эч кимиси анын жоктугуна комментарий беришкен эмес.

Учурда Валиеванын иши боюнча териштирүүлөр уланууда. Жыйынтык бүгүн, 10-февралда чыгат. Эгерде Камила Валиева допингге каршы эреженин бузулушуна күнөөлүү деп табылса, жаш курагына байланыштуу ага катуу жаза колдонулбайт.

Буга чейин Орусиянын курама командасы допингге шектелип жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан