Акыркы суткада республика боюнча COVID-19 илдети дагы 69 жарандан аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей соңку суткада Ош жана Нарын облустарында ооругандар катталган жок.
Бишкек шаары – 31;
Чүй облусу – 16;
Талас облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу – 4.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпы 199 миң 890 адам коронавирустан жабыркады.