Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй музейин Маданият министрлигинин балансына алуу пландалууда

Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй музейин Маданият министрлигинин балансына алуу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үй музейге акыркы жолу оңдоо иштери 20 жыл мурун жасалган.
"Музей учурда оңдоо иштерине муктаж. Андыктан аны оңдоо иштерин жана музей талаптарына ылайык келтирүү үчүн, аны Маданият министрлигинин балансына алуу керектигин билдирди министр.
Азамат Жаманкулов музейдин ичиндеги абал жана экспонттардын талаптагыдай сакталбай жатканына күбө болуп, аны мыйзам чегинде колго алып үй музейди сактап калуу аракетин көрө тургандыгын жана министрлик тиешелүү кадамдарды баштай турганын маалымдады", - деп жазылат маалыматта.
Учурда үй музейде эки миңден ашык экспонат бар. Бөлмөлөр кышкысын жылытылбагандыктан шыбынан суу кирип, андан өткөн тамчы, ным тарткан дубал кээ бир баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан