Чүй облусунун Кара-Балта шаарында эки мектептин окуучулары мушташып, бир өспүрүм ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 13-февралда саат 17:21 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын биринде жайгашкан стадиондо балдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү.
"Ошол эле күнү 15 жаштагы Д.А. денесинен жаракат алып ооруканага кайрылды. Бул факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Жайыл районундагы эки мектептин 7-8-класстарынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыкканы белгилүү болду. Анын кесепетинен 2007-жылы туулган Д.А. аймактык ооруканага жеткирилди. Жабыркаган окуучунун апасы белгисиз адамдарга чара көрүү фактысы боюнча арыз менен кайрылды. Учурда милиция кызматкерлери бул окуянын бардык катышуучуларынын аты-жөнүн такташты. Учурда тергөө иштери уланууда. Материал боюнча экспертизалар дайындалды", - дешти мекемеден.