Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментине директор болуп Кубан Казаков дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Жаңы директорду эмгек жааматка Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу тааныштырган.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 26-январында Министрлер кабинетинин буйругу менен юстиция министринин жаңы орун басары, буга чейин аталган департаменттин директорунун кызматын Алмазбек Зарылбек уулу ээлеп келген.