Биз социалдык тармакта

Өзбекстандагы ооруканадагы жарылуудан Кыргыз жараны каза болду

Коңшу Өзбекстандын Андижан облусундагы ооруканада жарылуу болуп, андан бир Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

"Андижан облусунун Шахрихан районундагы окуя боюнча "Зитерия" жеке дарылоо-диагностикалык борборунда газ-аба аралашмасынын жарылышынан улам Р.Н. аттуу 1966-жылы туулган Кыргыз жараны каза болгон.

Өзбекстандын жергиликтүү органдарынын маалыматы боюнча, жарылуудан каза болгондор жана жабыркагандар бар", - деп билдиришти министрликтен.

Кыргыз жаранынын сөөгүн жакын туугандары өлкөгө алып келген.

Бул боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул маселе Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчилигинин көзөмөлүндө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2022-02-14 19:53:02
Шыпаа табам деп барып ажал таап келгени окундурот.
Жаткан жери жайлуу болсун бир тууганыбыздын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан