Биз социалдык тармакта

Экс-министр Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан фоторепортаж

Бүгүн, 14-февралда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Зыйнатка бир катар мамлекеттик жетекчилер, коомдук ишмерлер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Молдомуса Конгантиев 63 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта кызмат өтөй баштаган. Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдары жетектеген. 2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин саясатка аралашкан эмес. Конгантиев юридика илимдеринин кандидаты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asmat84
2022-02-14 12:29:05
Тирүүсүндө кудулап журдунор эле. Акылбек Жапаров баш болуп эми өлгөндөн кийин калп эле жаназа зыйнатына баргандан уялган жоксуңарбы чиновниктер
+6
AdylbekB84
2022-02-14 14:22:38
Азаматтар хотя бы өлгөндө татыктуу узатышыптыр! Жаткан жери жайлуу болсун! Аллахым билип билбей кылган күнөөлөрүн кечирген болсун!
+5
Islam98
2022-02-14 15:17:14
Жаткан жери жайлуу болсун
+4
Tyttty1990
2022-02-14 18:15:50
Жакшы мусулманча табытка салышыптыр. Мен ойлодум эле гробко салып жөнөп берише деп
+2
nazira...
2022-02-14 19:49:47
Э Конго,Конго, кандай гана адам элен.Сендей адамдар аз бул дүйнөдө. Бейишин берсин кудайым.
+3
xnurgul_gul
2022-02-14 23:10:05
Жараткан рахматына алсын. Кабыры кенен болсун гору нурга толсун. Суроо салаваттары женилинен берсин.Жигитче жашап жигитче кеттиниз атаганат. Биз Майлуусуулуктарга сизди сыймыктануу менен эскеребиз(( Башына ушул кунду салгандарды Жараткандын озуно тапшырдым
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан