Биз социалдык тармакта

Бишкекте троллейбус айдоочуларынын эмгек акысы көбөйтүлөт

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысы 40 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ага ылайык, троллейбус айдоочуларынын көбөйтүлгөн маянасынын суммасы 25 миң сомду түзөт.

"Мындай чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишинин көлөмүн жана графигин дыкат текшергенден кийин кабыл алынды.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп жаткан", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KaGaH
2022-02-14 17:19:54
Эң сонун
+1
nazira...
2022-02-14 18:31:42
Ошту деле көбөйтүп койбойбу бир жолу.
+3
Adiletkarasuu
2022-02-14 18:57:47
nazira..., Эми Буйруса которотда акырындап,бирдеме болсоле Ошко деле кылса болбойбу деп чыгасынарда. Оштогу бар нерсе Баткен Нарында жок олтурушатко унчукпайле.
0
nazira...
2022-02-14 22:11:45
Adiletkarasuu,Нарында бар тролейбус. Айтканым көтөрсө тегиз көтөргөн жакшы да. Эмне Бишкекте белыйлар, калган жактарда негрлер иштейби. Бишкекте Закон иштеп калган жакта иштебейби.
+1
Adiletkarasuu
2022-02-15 14:23:17
nazira...,качан кордун эле айлыкты же Бир проектти тегиз кылганын андай кылыш кыйын. Сиздин тегиз которулсун деген жоксуз Ошту деле деп жатасыз, озумчул болуп. Оюнуз тактап анан жазыныз. Белыйлар негирлер деп эчким айткан жок очередь деген бар акчага жараша иш кылат.
0
Taalaibek.
2022-02-14 21:05:44
Айлыкты которсо тегиз которсо, бирин которуп бирин которбой.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан