Ош шаарында быйыл "Бакыт үйүнүн" имараты оңдолот. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 14-февралда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов тиешелүү ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Бакыт үйүнүн” имаратынын абалы менен таанышты. Мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйыл “Бакыт үйүнүн” имаратын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле андагы батирлердин сырткы көрүнүшүн боёп-сырдоо, мекеменин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жолдорду асфальттоо жумуштары аткарылат.