Жазаларды аткаруу кызматынын жоокерлери жана сержанттары интеллектуалдык таймаш өткөрүштү

Жазаларды аткаруу кызматында жоокерлер менен сержанттардын ортосунда интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде бөлүктөрдүн арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Ага жоокерлер жана сержанттар катышты. Оюндун жүрүшүндө катышуучулар суроолорго жооп берип, бир команда болуп иштешти. Калыстар тобунун курамына Куралдуу күчтөрдүн генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун жана А.Салымбеков атындагы бизнес борборунун өкүлдөрү чакырылган.

Интеллектуалдык беттештин жыйынтыгы боюнча 6-окуу батальонунун командасы жеңүүчү аталды. Анын катышуучуларына дипломдор, китептер жана кубок тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан