Бишкекте адам укугу менен эркиндиги тууралуу тегерек стол өтүүдө

Бишкекте адам укугу менен эркиндиги тууралуу тегерек стол өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров баш болгон саясатчылар, депутаттар жана укук коргоочулар катышууда.

"Адам укуктары жана эркиндиги боюнча изилдөө жүргүзгөн эл аралык "World Justice Project" уюмунун изилдөөсүнө ылайык, Кыргыз өлкөсү 132 мамлекеттин ичинен 99-орунда турат. Ал эми Борбор Азия боюнча изилдөө жүргүзгөндө 14 өлкөнүн ичинен 12-орунда.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсү коррупция боюнча индексте эң төмөнкү орунда турат", - деди Адилет клиникасынын директору Чолпон Жакыпова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан