Бүгүн, 15-февралда Бишкекте адам укугу менен эркиндиги тууралуу тегерек стол өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров баш болгон саясатчылар, депутаттар жана укук коргоочулар катышууда.
Тегерек столдо саясатчы Исмаил Исаков доклад жасап, Орозайым Нарматованы мисалга алды.
"Бүгүн укуктарга көңүл бурулуп жатканы жакшы. Конституциянын 79-беренесинин 2-пунктуна ылайык, кайсы учурда депутаттык мөөнөтү токтотулары так жазылган. 20-январда БШК өзүнүн милдетине кирбеген норманы колдонуп, Нарматованы мандатынан ажыратты. Анын диплому соттун чечими менен жокко чыгарылган жок. Ошентип БШК укуктук манкурттукту бүткүл дүйнөгө көргөздү. Укук боюнча башка мамлекеттердин артында калдык", - деди ал.