"Кийинкиде айпад менен келем". Акылбек Жапаров электрондук документке өтүүгө аракет кылып жатканын айтты

Бүгүн, 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Анда ага электрондук документке өтүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканы боюнча суроо берилди.

"Мен үчүн электрондук документке өтүү кыйын болуп жатат. Жашым улуу болгондуктан мага кагаз түрүндө иш жүргүзүүгө уруксат берилип жатат. Мен 1-июнга чейин электрондук ишке өткөнгө аракет кылам. Кийинки маалымат жыйында айпад менен келгенге аракет кылам", - дейт Жапаров.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 1-июлга чейин министрлер кабинети электрондук документке өтүшү керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан