Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин биринчи орун басары болуп Улан Сарылбек уулу дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Улан Сарылбек уулу буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.