Жалал-Абадда укук коргоочулар кыйноого кабылган 39 жаштагы Улан Назаралиевге 50 миң сом өлчөмүндө каражат өндүрүп беришти. Аталган облустагы "Акыйкат" укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, окуя мындан 10 жыл мурда болгон.
"2012-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайдагы 39 жаштагы Улан Назаралиевди милиция кызматкерлери муштум менен уруп, тепкилеп, муунтушкан. Бир жолу "башым ооруп жатат" деп кайрылганда милиция кызматкерлери ага "өзүн-өзү кесип алат, эч ким жардам бербейт" деген жазуусу бар устара беришкен. Изолятордо жаткан адам айласыздан билегин кескен...
Кийин бул окуя боюнча прокурордук текшерүү жүргүзүлгөн. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгы менен тергөөчү "Арызда көрсөтүлгөн жүйөлөр тастыкталган жок" жана "Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарган.
Милиция кызматкерлерин жоопко тартуу максатында Улан Назаралиев Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине арыз менен кайрылган.
Бул окуянын чоо-жайын тактоо үчүн эл аралык уюмдун комитетине дээрлик 7 жыл убакыт керектелди. Тактап айтканда, уюмдун адам укуктары боюнча комитети 2019-жылы 5-июлда "кыйноолор боюнча иликтөө натыйжалуу эмес" деген чечимге келишкен.
2020-жылы ноябрь айында "Акыйкат" уюмунун жактоочусу Сардор Абдухалилов эл аралык уюмдун чечими менен Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Анда Каржы министрлигинен 3 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Бирок сот 3 инстациядан кийин Улан Назаралиевге келтирилген физикалык жана моралдык жактан келтирилген зыянды 50 миң сом деп баалаган. Берилген каражат жабырлануучуга тапшырылды", - дешет мекеменин маалымат кызматынан.