"Суу камдап алыңыз". Бишкектин Жеңиш конушунда бейшембиде таза суу берилбейт

Бишкектин Жеңиш конушунда 17-февралда таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

"Жеңиш конушунда 17-февралда саат 9:00дөн 18:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Мындай ыңгайсыздык Жеңиш суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат", - деп жазылат мэриянын маалыматында.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан