Өлкөдө 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Буга байланыштуу шаршемби эс алуу күнү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда билдирди.
Ага ылайык, бул күнү мамлекеттик кызматта иштеген жарандар эс алышат.
Эске салсак, аталган майрам 2003-жылдан тарта календарда кызыл дата болуп белгиленип келет.