Министр Улан Ниязбеков Ирандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен жолукту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ирандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-февралда ички иштер министри Улан Ниязбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази менен жолукту. Анда эки өлкөнүн алакасы талкууланып, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө биргеликте иш алып баруу тууралуу сөз болду. Министр Ниязбеков баңгизаттарга каршы күрөшүүдө Иран өлкөсүнүн күч түзүмдөрү менен биргеликте иш алып барууга кызыкдарлыгын айтып, элчини бул ишке байланыш түзүп берүүсүн өтүндү. Анткени мындай аракеттер аталган багытта маселелерди бат чечүүгө шарт түзөрүн баса белгиледи министр.

Өз кезегинде Ирандын элчиси Саид Харази мырза Иран тараптын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ошону менен бирге элчи баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан