Өмүр бою соттолгондор камалган абакта каза болгон аскердин окуясы: Иш сотто каралууда

Былтыр Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакта аскер кызматкери каза болгон. Маркумдун өлүмү боюнча иш материалдар Сокулук райондук сотуна өткөрүлүп, эки ирет отурум болду. Бул туурасында каза болгон жоокердин жакындары тарабынан белгилүү болду.

Каза болгон Рустам Имановдун апасынын айтымында, үчүнчү соттук отурум 21-февралга белгиленди.

"Мен соттук процесске катыштым. Анда айыпталуучу күнөөсүн моюнга албай турганын айтты. Ал эми жабырлануучу катары отурумга келген офицер башкача көрсөтмө берди. Тагыраагы, ал ок кандай атылганын, аралык кандай болгон жана башка деталдарды башкача айтты. Мындан улам кийинки соттук процесске окуяга күбө болгон башка жоокерлер да чакырылды", - деди ал.

Эске салсак, 17-сентябрь күнү Жаңы-Жер айылындагы №19 өмүр бою соттолгондор кармалган жайда Рустам Иманов (20 жашта болгон) октон улам ооруканага жетпей каза болгон. Рустам Иманов аскердик кызмат өтөп бүткөн соң аталган жайга 3 жылдык келишимдин негизинде иштеп жаткан. Рустамга жумушта ага беш жоокер бөлүнүп берилип, аларга ит менен иштөөнү, машыктырууну үйрөтчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан