Жалпы республикалык тестирлөөгө катталууда эмнелерди эске алуу зарыл?

Бүгүн, 16-февралда Жалпы республикалык тестирлөө тууралуу маалымат жыйын өтүп жатат.

Жыйынга мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев, Билимдерди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева катышууда.

Быйыл, 14-февралдан баштап ЖРТга электрондук каттоо башталды.

"Абитуриент катталып жаткан учурда логин катары телефон номери колдонулат. Ошондуктан туруктуу колдонгон номер менен катталуу керек.

Быйыл тестке катталуу акысы жылдагыдай эле 370 сомду түзөт. Кошумча предметтик тесттерди тапшыруу дагы 370 сом", - деди Батракеева.

Эске салсак, быйыл Жалпы республикалык тестирлөө 23-майда башталып 28-майга чейин созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан