Быйыл жогорку окуу жайларга тапшырууда босого балл канча болору белгилүү болду

Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриент 110 балл алышы зарыл. Бул тууралуу маалымат жыйында мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл окуу жайларга тапшырууда босого балл өзгөргөн жок, тагыраагы былтыркыдай эле.

"Азыркы учурда ЖОЖдорго тапшырууда босого балл 110. Предметтик тест боюнча 60 балл. Бул акыркы чечим эмес. Анткени жалпы республикалык тестирлөөнүн жалпы жыйынтыгына дагы каралат.

Баштапкы балл боюнча дагы кеңешмеде каралат", - деди ал.

Быйыл республикада Жалпы республикалык тестирлөө 23-майда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tansuluu09
2022-02-16 13:28:41
Мен 2013 жылы окууну бутуп жатканда босого 105 балл эле. Андан бээри 9 жыл отту, ошондо 5 балл эле которулуптурда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан