"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы айылынын тургуну кайрылып, аталган айылда аба ырайы бузулса эле электр жарыгы өчүп каларын айткан.
Бул боюнча "Ош электр" ишканасына байланышканыбызда, электр энергиянын өчүп калуусу баягы эле кышкы даярдык мезгилинде эл тарабынан баш аламан эгилген бак-дарактар себеп экендигин айтты.
"14-февраль күнү суу кар жааганына байланыштуу 110кВ «Өзгөн» көмөк чордонунан чыккан 10кВ «Фрунзе» аба чубалгысы авариялык түрдө өчкөн. Электр энергияны калыбына келтирүү үчүн райондук электр тармактардын оңдоп-түзөө бригадасы атайын автоунаа техникалар менен оңдоо иштерин жүргүзүштү.
Оңдоо иштерине көп убакыттын кетишинин негизги себеби аба чубалгынын узундугу 29 чакырым жана чубалгыда жайгашкан 36дан ашуун 10кВ ТП, КТПлар (көмөк чордондор) карап текшерип чыгуу болгон.
Электр линияда Жазы, Жыланды жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүн аралап кетет. Линия жана көмөк чордон белгилеген мөөнөттө кезектеги капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп турат.
Электр энергиянын өчүп калуусу баягы эле кышкы даярдык мезгилинде эл тарабынан баш аламан тигилген бак-дарактар. Суу кар жаап дарактын бутактары электр зымга тийип же үзүп кетип авариялык өчүрүүлөр болууда. Колдогу бар мыйзам аракеттер менен өзүбүз кыркып жатабыз, бирок кээ бир кайдыгер инсандар бак-дарактарын кырктырбай кызматкерлерди ур-соккуга алган учурлар дагы кездешүүдө", - деп билдиришти.
Мындан тышкары Ош жана Баткен облустарынын электр тармактары "Ошэлектр" ишканасынын көзөмөлүндө. Учурда авариялык абалдан сырткары эч кандай өчүрүүлөр болбогонун айтышты.