Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп дайындалган Абдиманап Масалиев 1965-жылы Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген.
Алгач Баткенде билим алып, андан соң Тажикстан Республикасынын Исфара шаарындагы молдо Абдисами ажынын астында Куран жаттоого киришип, Курани Каримди толугу менен жаттаган.
Эмгек жолу:
1991-1994-жылдары Ташкенттеги «Абдулкосим» медресесинде мударрис болуп эмгек жолун баштаган.
1994-1996-жылдары Сокулук районундагы Сокулук жана Шалта айылдарында менчик үйлөрдө (хужраларда) жаштарга дин таалимин окутуп, Куран окууну үйрөтөт.
1996-жылы Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын Биринчи курултайында Уламалар кеңешине мүчө болуп шайланып, ошол эле жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитине имамдын орун басары болуп дайындалган.
1997-жылдын июнь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитинин башкы имамы болуп бекетилет. 2000-жылдагы Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын курултайында кайрадан Уламалар кеңешине мүчө болгон.
2006-жылга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалайт.
2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы Туңгуч мечитинде имам хатиб болуп элге кызмат кылып келе жатат.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.