Чүйдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга уурулардан коргоонунун ыкмаларын түшүндүрүп жатышат. Ички иштер министрлигинен белгилешкендей, өлкө аймагында 2 күндүк рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.
Маалым болгондой, 15-16-февраль күндөрү өлкө аймагында, анын ичинде Чүй районунда дагы "Ууру" комплекстүү ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.
"Жүргүзүлүп жаткан рейддин башкы тапшырмаларынын бири өздүк мүлккө кол салуулардан жана мал-жандыктарын уурулардан коргоонун ыкмалары менен жолдору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Бул иш-чаранын алкагында Чүй райондук милиция кызматкерлери айылдарды кыдырып, жарандар менен жолугушууда. Алар жергиликтүү тургундарга уурулукту, анын ичинде мал уурулугун алдын алуу жана жол бербөө үчүн кеңештерин беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришти", - дешет маалымат кызматынан.