Унаалардын кыймылы токтоп калган. Жалал-Абадда Тоо-Кызыл-Суу айылына барчу жол кардан тазаланууда

Бүгүн, 16-февралда Жалал-Абад шаарына караган Тоо-Кызыл-Суу айылына барчу жол кардан тазаланып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын вице-мэри Элдос Таев Тоо-Кызыл-Суу айылынын жашоочуларынан кабар алып, аталган айылга барчу унаа жолду кардан тазалоо жумуштарын жеринде көрүп кайтты.

Тоо-Кызыл-Суу айылына барчу жолду Жол башкармалыгы тазалап жатат.

Аталган айылга бийиктиги 1 метрге чейин кар жаагандыктан унаалардын кыймылы токтоп, жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып жаткан.

Белгилей кетсек, Тоо-Кызыл-Суу айылында 700дөй калк жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2022-02-17 11:52:56
Тоосу жок эле Кызыл-Сууайылы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан