Эч кимге дооматы жок. Түркияда күйөөсү токмоктоп, балдары менен көчөдө калганы айтылган кыргыз келинге элчилик байланышты

Түркияда үч кызы менен көчөдө калганы айтылган кыргыз келин элчиликтин кызматкерлерине эч кандай көйгөйү жок экенин айтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түркияда жолдошу тарабынан ырайымсыз мамилеге кабылып, көчөдө калган 1993-жылы туулган А.Р. аттуу Кыргыз жараны менен Кыргыз Республикасынан Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу телефон аркылуу байланышкан. Анда аталган келин учурда эч кандай көйгөйү жок экенин билдирген. Ошону менен бирге ал балдары менен Кепез шаарында батирди ижарага алып жашап жаткандыгын жана мындан ары Түркияда туруусун мыйзамдаштырып, ошол жакта калууну көздөп жатканын айткан.

Ал эми жолдошуна карата Кепез шаардык үй-бүлө маселелери боюнча башкармалыгынын буйругу менен кыргыз келин менен байланышууга бир айлык мөөнөткө тыюу салынган.

Өз кезегинде Стамбул шаарындагы Башкы консулдук тарабынан аталган жаранга Түркияда жашап турууга уруксат алуу маселеси жана өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча консультация берилген.

Бул маселе министрликтин жана Башкы консулдуктун туруктуу көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bek.94
2022-02-16 22:18:28
Коркутса доомат болбойтта кандай адам болдук нполор каякта жүрөт
+1
Gulina00
2022-02-16 22:41:14
Кр келсе балдарын алып келтирбеш кк туркко калтырып келсин.
0
Jibani
2022-02-16 23:10:32
Gulina00,сен не деотканынды билесинби?сен Балдарынды таштайт Белен?эне болгондо тушуносун
+2
serche
2022-02-18 03:12:02
Gulina00,айбандан откон мерез журок экенсин.
-1
KaGaH
2022-02-16 23:40:40
Айжандын эжеси Ху*и
+2
nazira...
2022-02-17 00:30:03
Кетем деп атып эле не болду эми. Балдарды бербейм деп коркуткан окшойт.
+1
Dembele84
2022-02-17 09:56:44
Ишенчээк катын туркко алданып баарын кечип,эптеп ошол жакта калууну чечиптир да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан