Депутат Тазабек Икрамов Жалал-Абад - Ташкент жүргүнчүлөр жүрүүчү темир жол каттамын ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жалал-Абадда темир жолу бар. Жалал-Абад станциясы менен Ташкент станциясынын ортосунда жүргүнчүлөр жүрүүчү темир жол каттамын ачууну сунуш кылам. Каттам ачылса элдин көйгөйлөрү чечилип, бир топ туристтер келмек. Жалал-Абад - Ташкент жүргүнчүлөр жүрүүчү темир жол каттамын ачып бериңиздер. Ортодо жакшы мүмкүнчүлүк пайда болот эле", - дейт Икрамов.