"Салат менен тамак бир идиште". Таластагы жатак мектепте окуучуларга бир эле идиште тамак берилип жатканы айтылды

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Таластагы атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебине барып, жатак мектепте окуп, жашап жаткан балдардын тиричилик шарттарына жана тамак-ашына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, акыйкатчынын өкүлдөрү барган учурда балдарга түшкү тамак берүү убагы болчу.

"Балдарга кызылча салат менен экинчи тамакты бир идишке салып бергени көрүндү. "Эмне үчүн салат менен экинчи тамакты бир идишке салып бердиңер?" деген суроого ашпозчу идиш-аяк жетишпейт деген жоопту берди.

Бирок акыйкатчынын өкүлдөрү идиштер тизилип турганын байкашты. Ашпозчулар тизилип турган идишти ашпозчулар өз үйүнөн алып келгенин, алар окуучуларга жетпей тургандыгын айтты", - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган жатак мектепте 121 окуучу бар.

Бул мектепте аныкталган кемчиликтер боюнча Акыйкатчы институту облустук органдарга тиешелүү кайрылуулар жолдонорун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2022-02-17 20:09:59
Тизилип 4 чай пияла туратго. Акыйкатчы деп солдоюп атынар эле бар поктун ишин кылбайсынар бироонун кочугун чукугандан башка. Ийдиш алып бербейсинерби? Ашпозчуда эмес куно, куно усту жакта. Балык башынан сасыйт. Балдарга боло берет деп мамиле кылган адамдарда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан