Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Изоляторду оңдоп-түзөөнү борбор калаанын мэриясы демилгелеп чыккан. Кыйноолорго каршы коалициясы бул демилгени колдоп, мэриянын иши өлкөнүн аймактарындагы жергиликтүү бийлик өкүлчүлүктөрүнө үлгү болот деген ишенимин артат.
"Адамдардын эркиндигин чектеп, азаттыгынан ажыратуу жайларына, анын ичинде убактылуу кармоочу жайларга жарандык мониторинг жүргүзүү Кыйноолорго каршы коалициясынын стратегиялык максатына - кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени кыскартуудагы ишинин маанилүү компоненти болуп саналат.
Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын көпчүлүк убактылуу кармоочу жайларында кармоонун шарттары оор бойдон калууда. Укук коргоочулар менен донорлордун күч-аракетинин бардык маанилүүлүгүнө жана баалуулугуна карабастан, алар биринчи кезекте олуттуу мамилени, тактап айтканда өкмөттүн кийлигишүүсүн талап кылат.
Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоонун фонунда, коалиция дээрлик бардык изоляциялык борборлор олуттуу реконструкцияга муктаж экенин, анын ичинде инженердик инфраструктурага да алып келиши мүмкүн экенин белгилейт.
Кылмыш жасады деген шек же айып менен убактылуу кармоочу жайга камалгандарга карата мамиле анын адамдык ар намысын урматтоого негизделиши керектигин эстен чыгарбоо керек. Кошумчалай кетсек, күнөөсүздүк презумпциясына ылайык, изолятордо кармалган шектүүлөр жана соттолуучулар сот тарабынан күнөөлүү деп табыла элек. Демек, алар күнөөсүз деп эсептелинип, ошого жараша мамиле жасалышы зарыл", - дешет.
Белгилей кетсек, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайындагы оңдоо иштери апрель айында аяктайт.