Өлкөдө 4 жылдан бери “Өлкөнүн эң мыкты 100 окуучусу” сынагы өтүп келет. Быйыл аталган сынакка өлкөнүн жети дубанынан 300дөй окуучу катышып, жыйынтыгында 100 окуучу "Кыргызстандын эң мыкты окуучусу" аталды. Ал эми жеңүүчү аталган окуучулар I, II жана III даражадагы диплом, күбөлүк жана төш белги менен сыйланышып, “Өлкөнүн мыкты окуучулары” аталышындагы жыйнакка кирди.
SUPER.KG порталы алардын бири Айгерим Асекова менен байланышып, ийгилиги тууралуу маек курду.
- Айгерим, сыйлык кут болсун! Алгач эле өзүңүз тууралуу маалыматтарга орун берсек...
- Саламатсыздарбы?! Аты-жөнүм Айгерим Асекова. Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусумун. Учурда Баймоңол Кыязов атындагы орто мектепте 11-класста окуп жатам.
- Бул сынакка кантип катышып калдыңыз?
- Сынактын жарыясын социалдык тармактардан көрүп калып катышкам. Аталган сынакка быйыл экинчи ирет катышып жатам. Былтыр 3-даражадагы сыйлыкты алсам, быйыл 1-даражадагы наам менен сыйландым. Чынында өзгөчө сезимдер, толкундоолор болду. Аны менен катар өзүмө чоң жоопкерчиликти алып жаткандай болдум. Себеби бул сынакка өлкөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн окуучулар катышты. Ушунча окуучунун ичинен суурулуп, тандалып алгандыгыма башында бир чети ишенбей да кеттим. Бирок сыйлыкты алгандан кийин эртеңки элибиздин келечеги биз экенибизди аңдап, ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн, алдыга карай умтулган, өзүбүздөн кичүү муундарга үлгү боло тургандай, мыкты, аракетчил, идеяга бай окуучу болушубуз керектигин терең баамдап, түшүнө алдым десем болот.
- Мектептеги ийгиликтериңиз тууралуу айта кетсеңиз...
- Мектеп босогосун аттаган күндөн тарта бардык сабактарымды жалаң “5” деген баага окуп келем. Мындан сырткары көп тараптуу иш-чараларга активдүү катышам. Бала кезимден эле китеп окуганды жакшы көрчүмүн. Бирок 8-классымда китеп дүйнөсүнө болгон кызыгуум күчөдү. Китептин акыбети менен мектебиме, айылыма бир канча алгылыктуу иштерди кыла алдым. Мисалга алсам, райондук, облустук сынактарга долбоорлорду жазып жөнөтүп, 10 миң сомдук китептерди алып келгенбиз. Ошондой эле мектепке китепкана ачып, жаңы 450 китеп менен камсыз кыла алдык. Мындан сырткары “Ийгилик - бул сен” аталышындагы марафонду акысыз өткөрчүмүн. Кийин анын программасын иштеп чыгып, ар бир катышуучудан 10 күнгө 50 сомдон алчумун. Марафондон түшкөн акчама ар кандай курстарды окуп, басымдуу бөлүгүн китеп сатып алууга жумшадым. 3 жылдан бери сары майдай сактап жатып китептерди чогулттум. Учурда өздүк китепканамда ар кыл жанрдагы 100гө чукул китебим бар.
- Айыл жергесинде “уй саа, тамак жаса” деген сыяктуу жумуштар көп. Ата-энесине жардам берген балдар окуусунан алагды болот деп жатпайбы...
- Ооба, чындыгында эле айылда жумуш көп. Бирок убакытты туура бөлүштүрүп, баарына тең жетишсе болот. Мен уй саап, үй жумуштарын бүтүрүп, тамак жасап, андан соң сабактарымды окуп баштайм. Акыркы күндөрү сабактарым көп болуп, үй жумуштарына чолом тийбей жатат. Мындан улам ата-энем окуумду түшүнүү менен кабыл алат. Жетишпей жатканымды көрүшүп, мага көп деле жумуш кылдырышпайт.
Ал эми бош убактым болуп калса тоого чыгып, жаратылышта сейилдегенди, эсеп чыгарганды жана велосипед тепкенди жакшы көрөм. Кээде эргүү келгенде ыр жазып коймой жайым да бар. Ал эми күнүнө 150 барактан кем эмес китеп окуп турам.
- Жалпы республикалык тестирлөөгө аз убакыт калды. Кандай даярдыктарды көрүп жатасыз?
- ЖРТга 9-классымдан бери даярданып келем. Учурда онлайн курстарды окуп, көбүрөөк практика кылып жатам. Мисалы, математикадан ар бир теманы бышыктап, түшүнүү үчүн күнүнө 20-30 мисал иштейм. Ал эми кыргыз тилден тесттерди иштегенден сырткары өзүм да тест түзүп машыгып турам. ЖРТга колумдан келишинче саат 5те туруп даярданганга аракет кылам. Себеби эртең менен окуган маалымат мээде жакшы сакталат.
- Окуучу катары учурда алып жаткан билимге канааттанасызбы?
- Ооба, учурда алып жаткан билимиме канааттанам. Ар бир окуучунун окууга болгон кызыгуусу өзүнөн жана дээринен көз каранды деп ойлойм. Эгер азыртадан билим алууга аракеттенбесек, анда келечегибизди биз өзүбүз эле талкалап алабыз. "Өлкөнүн келечеги жаштардын колунда" деп айтабыз го, бирок өлкөнүн келечеги - изденип окуган, өзүн ар тараптан өнүктүргөн, идеяга бай, креативдүү ой жүгүрткөн, китеп окуган гана жаштардын колунда.
- Өзүңүз кайсы кесипке кызыгасыз? Тапшыра турган окуу жайды тандадыңызбы?
- Келечекте күчтүү дарыгер болсом деген максатым бар. Бул кесипке пандемиядан улам таасирленгем. Себеби өлкөдө COVID-19 вирусу күч алган мезгилде дарыгерлердин жетишсиздигинен канчалаган мекендештерибизден айрылдык. Өз ишине кайдыгер караган дарыгерлердин айынан адамдардын майып болуп калганын, керек болсо өмүрүнөн айрылганын буга чейин далай ирет көрүп келдик. Ошондуктан мен бул кесипти аркалагым келет. Ооба, дарыгерлик кесип ары опурталдуу да, ары жоопкерчиликтүү. Бирок бул менин колумдан келет деп ишеничтүү айта алам. Бул тармакта чет өлкөдөн билим алууга азыркы тапта аракет көрүп жатам. Биз максатыбызды аныктагандан кийин “алма быш, оозума түш” дебестен, күнүгө аракеттин үстүндө болуп, алдыга чоң-чоң кадамдарды ташташыбыз керек.
- Маегиңизге рахмат! Окууларыңызга ийгиликтерди каалайбыз!