Бүгүн, 17-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 505 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 145 метр куб, агып чыгышы 535 метр кубду түзүүдө.
Былтыр, 2021-жылдын 15-февралында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 44 миллион метр кубду түзгөн.