Депутат муниципалдык эмес мекемелердин айлык маянасы тууралуу маселени көтөрдү

Депутат Шаирбек Ташиев муниципалдык эмес мекемелердин айлык маянасы тууралуу маселени көтөрдү. Бул тууралуу ал кечээ, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Баарыбыз билгендей, муниципалдык эмес кызматкерлерге тазалык жумушчулары, айдоочулар кирет. Аларга үстөк акы төлөп берүү маселесин айылдык жана шаардык кеңештер чече аларына карабай, атайын токтомдо көрсөтүлбөгөндүктөн төлөнбөй келет. Эгер төлөп койсо, Эсеп палатасы текшерип, каражатты максатсыз пайдаланган деген жүйө менен көйгөй жаратат. Андыктан 2008-жылы чыккан 22-токтомду өзгөртүп, жергиликтүү кеңештер мүмкүнчүлүгүнө жараша үстөк акы чегере алаары боюнча түзөтүү киргизүү керек”, – деди.

Депутат алардын айлык акысы 5 миң сомдун гана тегерегинде экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан