"Пекин-2022": 15 жаштагы Камила Валиеваны 60 адам кайтарууда

Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында допинг чырына кабылган 15 жаштагы көркөм муз тебүүчү Камила Валиеваны 60 адам кайтарууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, көркөм муз тебүүчүнүн коопсуздугуна 60 адам жооптуу болуп дайындалган. Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) расмий өкүлү Марк Адамстын айтымында, Валиеванын коопсуздугун камсыздоого тажрыйбалуу күзөт кызматкерлери тартылган.

Кечээ, 17-февралда кышкы Олимпиада оюндарында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеш жыйынтыкталды. Анда алтын медалды орусиялык Анна Щербакова, күмүш медалды дагы бир орусиялык спортчу Александра Трусова алса, коло медалга япониялык Каори Сакамото ээ болду.

Ал эми допинг чырына кабылган орусиялык Камила Валиева соңку бөлүктө бир нече катачылыктарга жол берип, 4-орунду ээлеп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан