Бир суткада 41 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаары – 20, Чүй облусу – 14, Талас облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 5, Жалал-Абад облусу – 1.
Жалпы 200 миң 255 адамдан коронавирус аныкталган.
Өткөн суткада 191 бейтап илдеттен айыкты. Анын ичинде Бишкек шаары – 130, Ош шаары – 5, Чүй облусу – 20, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 11, Баткен облусу – 7.
Жалпы 193 миң 792 бейтап илдеттен айыгып чыккан.