Жоругуң жолдо калсын! Баланы скотч менен мамыга байлап, башына ун төгүп, жумуртка жаргандар аныкталды

Социалдык тармактарга көпчүлүктүн кыжырдануусун жараткан видео тарады. Андан бир баланы мамыга скотч менен байлап, башына сүт азыктарын куюп, андан кийин ун төгүп, жумуртка жарып жаткан топ балдарды көрүүгө болот. Айрымдары кезек-кезеги менен азыктарды төгүп, чачып жатса, айрымдары видеого тартып турушкан.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан окуя борбор калаада орун алганын, катыштыгы бар адамдардын баары аныкталганын билдиришти.

"Териштирдик, окуянын бардык катышуучулары милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тамаша оюн экен, туулган күн үчүн Тик-Токко видео тартышыптыр. Балдардын бири-бирине эч кандай доосу жок. Бул жорук боюнча топтолгон материалдар "майда бейбаштык" беренеси менен сотко өткөрүлдү", - дешти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
al-abu-kinesz
2022-02-18 10:47:12
Ушундай видео менен просмотр чогултканынар учун канча тыйын аласынар? Канчалаган жаш балдардын психикасына терс корунушторду жасоого фундамент куюп атканынар учун жоопко тартылышынар керек.
+11
AiTal
2022-02-18 10:51:30
al-abu-kinesz,туура айтасың. Азыркы жаштардын келечегине туура эмес багыт берип атышат, акмактар. Жоопко тартуу керек.
+11
talas0707
2022-02-18 11:04:13
Тарбия этинде жок дегенде 15 кунго камап, коомдук иштерге тартуу керек болчу, ошондо башкаларга сабак болмок.
+14
modem4999
2022-02-18 11:25:18
Курсактары ток копкон балдар да бизге мындайларга мыйзам иштебейт анткени аталары бутуруп койду уже
+8
Birimdik5555
2022-02-18 11:31:41
Штрафты салыш керек, ошондо ата энесинин ичи ачышып акча тологонго балдарын катуураак кармайт
+6
AdylbekB84
2022-02-18 11:34:09
Буларды элдин көзүнчө Бишкектин көчөлөрүн 15 күн тазалатыш керек! Союз ыдырагандан кийинки ачарчылыкты булар көргөндө мындайга бармак эмес, жаштарыбыз кайда баратат! Тик-токту бизде деле жаап койсо болмок, өнүккөн мамлекеттер дагы жаап жатпайбы.
+7
Isken90
2022-02-18 11:47:51
Бирок тик ток тартсанарда элге жакшы тарбиялык мааниси бар тартпайсынарбы
+6
Gulina00
2022-02-18 11:51:05
Тик ток мн фрифанрди жапса болмок башка олколор жапты,балдар бузулуп бутту уже.
+6
surgeon777
2022-02-18 12:22:21
Доосу жок экен деп эле коё берип койбостон баардыгына бейбаштык жана коомдук тартипти бузган ж.б.у.с деген берене менен жазалаш керек болчу,ьашкаларга сабак болуш учун!
+4
Saidochka
2022-02-18 13:06:17
Тик ток десе балдар эмес кемпир чалдан бери клоун болуп олушту го,ар кимдин озуно акыл бербесе кыйын экен
+3
Sanjura
2022-02-18 14:45:27
Уятта эй видеодогу кыргыздын азаматтары!!!Эркек болгулачы!!!Тик-ток үчүн ушул кылганыңар эрдикпи?! Мындай кылып досуңарды уят кылгандан көрө,убал болгон тамак-ашты курсагы тойбой жүргөн бирөөгө берип сооп албайсыңарбы!.
+5
Ozgocho111
2022-02-18 14:48:54
тарбиясыз акмактар, улгу боло турган жумуш кылышса болмок, чон эле балдар экен
+5
rususu
2022-02-18 23:03:51
Оюн болсо да тиги досунардын журогундо калдынар омур бойу. Бир куну созсуз козгойт кылыгынарды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан