Талас облусунун Кара-Буура районунда инспекторлор окуучулар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мугалимдерди баалоо, сыйлоо керектигин айтышты.
Талас ОИИБинин маалымат кызматынан белгилешкендей, жер-жерлердеги орто мектептерде тынымсыз профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.
"Милиция кызматкерлери мугалимдерге сый мамиле жасоо, алардын балдарга берген билимин баалоо жана балдардын мыйзам алдында жоопкерчиликтери деген темаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Акыркы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде, балдар жана алардын ата-энелеринин жоопкерчиликтери да айтылды. Андан тышкары интернет тармактарында тарап жаткан ар кандай жагымсыз видеолордун таасиринен оолак болуу керектиги эскертилди", - деп айтылат билдирүүдө.