"Кылмышты кылгым келген эмес". Талгат Шамиев жабырлануучу тараптан кечирим сурады

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө соттолуучу акыркы сөздү айтты. Талгат Шамиев жабырлануучудан кечирим сурады.

"Ооба, менде кадимки жашоодо жашап, туризм тармагында иштөөгө мүмкүнчүлүк болду. Мен бул кылмышты кылгым келген эмес. Кылган ишим үчүн өкүнүп жатам. Жазаны жатак абакка же пробациялык көзөмөл түрүндө аныктап берсеңиз, мен үчүн пайдалуураак болот деп ойлойм. Адилеттүү өкүм чыгарууну суранам. Жабыркаган тараптан кечирим сурайм", - деди Шамиев ага берилген акыркы сөзүндө.

Сот Талгат Шамиевди он жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 100 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ruslanz
2022-02-18 12:44:26
Мурда соттолбогонун, тигинин криминал экенин, атасынын очун алганын эске алып женил жаза берсе туура болмок. Атасын олтургон киши менен кичинекей шаарда жашаг кыйын, сени тушунуп турабыз. Накта атанын татыктуу уулу экенсин.
+14
KaGaH
2022-02-18 15:05:03
5 жылда чыгат
0
Datka7777
2022-02-19 00:34:33
KaGaH,ага жетпей чыгат
0
Altyn10076
2022-02-18 17:31:52
Анда ким кааласа эле менин агамды,менин тууганымды өлтүрдү деп өлтүрө берсек болот турбайбы. Сотолбой кутулабыз деп себептүү өлтүрдүм деп
0
Jelezo
2022-02-18 20:02:23
Жегичтерди 260 миң менен чыгарып жиберет, бул бала он жыл дагы 100миң төлөш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан