Бишкектин Дэн Сяопин кең көчөсүндө кичи автобустун айдоочусу мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-февралда болжол менен саат 17:00 чамасында катталган. Анда №138 маршруттук каттамдын айдоочусу, 1993-жылы туулган Р.М. Дэн Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2011-жылы туулган К.А. аттуу кызды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү №3 шаардык ооруканага жеткирилди.
Азыркы учурда кичи автобус айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.